АКШнын Өкүлдөр палатасы спикерди отставкага кетирүүнү колдоду

  • 10 месяцев мурун

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы шейшембиде спикер Кевин Маккартини кызматтан алуу үчүн добуш берди. Бул демилгени 216 конгрессмен колдоп, 210у каршы болду.

Reuters агенттиги белгилегендей, бул чечимге Маккарти менен анын Республика партиясындагы кесиптештеринин ортосундагы тирешүү себеп болгон. Маалыматка караганда, парламент убактылуу бюджетти араңдан зорго макулдашкандан бир нече күн өткөндөн кийин Конгрессте талаш-тартыш күчөгөн.

3-октябрдагы добуш берүү – АКШнын тарыхында оңчул республикачылардын чакан тобунун демилгеси менен Өкүлдөр палатасынын лидери кызматтан кеткен биринчи учур болуп калды. Конгрессмен Мэтт Гетц спикерди федералдык чыгымдарды кыскартуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат деп айыптады.

CNN Маккартинин ордуна убактылуу спикер болуп Түндүк Каролинадан шайланган республикачыл конгрессмен Патрик Макгенри дайындалганын кабарлады.

Кевин Маккарти ушул жылдын башында төрт күнгө созулган 15-жолку добуш берүүдө гана Өкүлдөр палатасынын спикери болуп шайланган.

Сүрөт: Кевин Маккарти. AP.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты