АКШдан Кыргызстанга англис тилин үйрөтүү үчүн ыктыярчылар келди

  • 2 года мурун

Тынчтык корпусунун “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасынан алкагында 12 ыктыярчы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Ыктыярчылар эки жыл бою аймактардагы мектептерде жергиликтүү окуучуларга англис тилин үйрөтүшмөкчү.

Тынчтык корпусу Кыргызстанда 25 жылдан бери иш алып барат. Андан бери мекеме чет элдик 1250 ыктыярчыны өлкөгө алып келип, балдарды англис тилин окутууга салым кошкон. “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты