АКШдан Кыргызстандын 25 жараны депортацияланды

  • 10 месяцев мурун

Американын иммиграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн депортацияланган 25 кыргызстандык 9-августта АКШдан атайын рейс менен Бишкекке келди. 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик депортациялоо процедурасына жараша мындай жарандарга АКШга кирүү 5, 10, 15 жылга же өмүр бою тыюу салынышы мүмкүн экенин белгиледи. 

Мекеме АКШда мыйзамдуу негиздери жок жүргөн кыргызстандыктарга бул кесепеттерден качуу үчүн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайт.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды АКШга барардан мурун ушул жагдайларды эске алууга, иммиграция эрежелерин сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен кеңеш алууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты