АКШдагы «Хелен» бороону 200дөн ашык адамдын өмүрүн алды
- 2 года мурун
АКШнын түштүк-чыгышын каптаган «Хелен» бороону 200дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантууда. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.
Маалыматта айтылгандай, каза болгондордун жарымынан көбү Түндүк Каролинада жашашкан. Аталган аймакта 2005-жылы да «Катрина» бороону болуп, 1800 адамдын өмүрүн алып кеткен.
«Жүздөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. 750 миңден ашуун үй дагы деле электр жарыгысыз калууда жана көптөгөн жолдор жабык бойдон, мындан улам жабыркаган аймактарга жардам жөнөтүлбөй жатат»,-деп айтылат BBCнин кабарында.
Сүрөт: AP
Муну бөлүшүү




