АКШдагы эл аралык турнирде Денис Петрашов алтын медаль утту

  • 3 месяца мурун

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов АКШда өтүп жаткан эл аралык сууда сүзүү турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу SwimSwam порталы маалымдады.

Маалыматка ылайык, АКШнын Иллинойс штатында өтүп жаткан Pro Swim Series турниринин алкагында бүгүн, 7-март күнү 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен финалдык жарыш өткөн. Анда Денис Петрашов аралыкты 59,7 секундда сүзүп өтүп, биринчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, 6-мартта спортчу 200 метр брасс аралыкта күч сынашып, бешинчи орунду алган. Ал эми 8-март күнү Петрашов 50 метр брасс боюнча дагы жарышка катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты