АКШда студенттик виза менен такси айдап иштесе болобу? Текшеребиз

Өткөн жумада Бишкектеги Perspective эл аралык билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов Фейсбуктагы баракчасында Америка Кошмо Штаттарына барууну каалаган кыргызстандык жаштарга виза ачууга жана Штаттарга барган соң жумуш таап берүүгө жардам бере турганын айтып, билдирүү калтырган. 

“Кандай жумуш десеңер, Чикагого келгенде силерге таксиге автоунаа алып беребиз, жарым жыл иштеген соң өзүңөр төлөп, алып калсаңар болот”, — деп жазган ал. 

АКШда студенттик виза менен такси айдап иштесе болобу? Текшеребиз

Бул билдирүүдөн кийин соцтармактын колдонуучулары АКШда студенттик виза менен такси айдап иштөөгө уруксат берилбесин айтып чыгышты. Ар түрдүү пикирлерден кийин Нурсултан Кубанов жогордагы билдирүүсүн өчүрдү.

Мындан улам биз АКШга студенттик виза кимдерге берилерин жана аны менен кандай жумуштарда иштесе болорун расмий булактардан карап көрдүк.

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардагы окуу жайларда билим алуу үчүн чет өлкөнүн жарандары студенттик виза алышы керек. 

АКШда окууну каалагандарга берилчү иммиграциялык эмес виза эки категорияга бөлүнөт. Алар F жана M визалары деп аталат.

F-1 жана M-1 визалары төмөндөгү талаптарга жооп берген талапкерлерге берилет:

— талапкер академиялык билим берүү программасына, тил үйрөтүүчү программага же кесиптик программага кабыл алынган болушу керек;

— талапкер тапшырган билим берүү мекемеси Студенттик жана алмашуу программасы, Иммиграция жана Бажы коргоо органдары тарабынан бекитилиши зарыл;

— талапкер окуу жайга күндүзгү бөлүмдүн студенти катары катталышы шарт;

— талапкер англис тилин билүүсү зарыл же болбосо, англис тилин үйрөтүүчү курска катталган болушу керек;

— талапкер окууну аяктаганга чейин өзүн камсыздоо үчүн жетиштүү каражаты болушу керек;

— талапкердин АКШдан башка өлкөдө жарандыгы болушу зарыл.

F-1 студенттик визасы

F-1 визасы — чет өлкөнүн жарандарына Штаттарда аккредитациядан өткөн колледж, университет, консерватория, академиялык орто мектеп, башталгыч мектеп жана дагы башка билим берүү мекемелеринин жана тил үйрөтүүчү программанын күндүзгү бөлүмдөгү студенти катары АКШга кирүүгө уруксат берүүчү виза. Бул визаны алуу үчүн талапкер илимий даража, диплом же сертификат алып чыгуучу программага же курска кабыл алынган болушу керек. Ошондой эле талапкер тапшырган окуу жайдын эл аралык студенттерди кабыл алууга өкмөт тараптан берилген уруксаты болушу керек. 

M-1 студенттик визасы 

M-1 категориясындагы виза — тил үйрөтүүчү программадан тышкары, кесиптик (академиялык эмес) окуу жайга тапшырган студенттерге берилчү виза. 

Чет өлкөлүк студенттерге кандай жумуштарда иштөөгө уруксат берилет?

F-1 визасын алган 1-курстун студенттерине университеттин кампусунун ичинде гана белгилүү талаптар жана чектөөлөр менен иштөөгө уруксат берилет. Адатта студенттер кампустун ичинде жумасына 20 саатка чейин иштей алышат.

Биринчи окуу жылы аяктагандан кийин студенттерге кампустан тышкары төмөндөгү үч багыт боюнча иштөөгө уруксат берилет:

— Окуу практикасы (Curricular Practical Training);

— Факультативдик практикалык окутуу (Optional Practical Training);

— Илим, технология, инженерия жана математика (STEM) жаатында факультативдик практикалык окутуу (Science, Technology, Engineering, and Mathematics (STEM) Optional Practical Training Extension (OPT).

Мындан тышкары  F-1 визасы бар студенттерге кампустан тышкары каржылык абалына байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралган учурда иштегенге уруксат берилет.

Curricular Practical Training (CPT) — бул F-1 визасы бар чет өлкөлүк студенттерге адистиги боюнча практикалык тажрыйба топтоо үчүн убактылуу иштөөгө уруксат берген программа. Практиканы студент окуу программасынын алкагында, окуусун аяктаганга чейинки мөөнөттө өтүшү керек. CPT алкагында студент жумасына 20 саат же андан аз убакыт иштесе болот. Же толук иш күнү — жумасына 20 сааттан көп иштесе дагы болот. Бирок студент CPT алкагында 12 ай бою толук иш күн иштесе, OPT алкагында иштөө укугунан ажырайт.

Optional Practical Training (OPT) — бул F-1 визасы бар чет өлкөлүк студенттерге 12 айга чейин өзүнүн адистиги боюнча убактылуу иштөөгө уруксат берген программа. OPT алкагында студенттер окуусу аяктаганга чейин жана аяктагандан кийин дагы иштей алат. Бирок 12 айга чейин гана иштөөгө уруксат берилерин унутпоо керек.

Science, Technology, Engineering, and Mathematics (STEM) Optional Practical Training Extension (OPT) — F-1 визасы менен илим, технология, инженерия жана математика (STEM) багытында илимий даража алган чет өлкөлүк студенттерге окуусу аяктагандан кийин 24 ай факультативдик практикалык окутуудан (OPT ) өтүүгө уруксат берүүчү программа.

Ал эми  М-1 визасы бар студенттерге окуп жаткан учурда иштөөгө уруксат берилбейт. Алар окуусун аяктагандан кийин гана практикадан өтө алышат.

F-1 сыяктуу эле M-1 визасы менен дагы кампустан тышкары иштөө үчүн окуу жайдын жетекчилигинен уруксат алуу керек жана студенттин жумушу ал билим алып жаткан тармак менен байланыштуу болушу шарт.

Жыйынтык: АКШда студенттик виза менен такси айдап иштөөгө уруксат берилбеси чын. Кошмо Штаттарда чет өлкөлүк студенттерге 1-курста кампустун ичинде жумасына 20 саатка чейин гана иштөөгө уруксат берилет. 1-курсту аяктагандан кийин чет өлкөлүк студент кампустан тышкары адистиги менен байланышкан жумуштарда белгилүү чектөөлөр менен иштей алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты