АКШда маймыл чечегине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

  • 2 года мурун

АКШда маймыл чечегинин жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы Кошмо штаттардын саламаттык сактоо жана социалдык кызмат министри Хавьер Бесерранын маалыматына таянып жазды.

Министр брифинг учурунда жарандарды илдетке олуттуу мамиле кылууга чакырган:

«Биз вируска каршы чара көрүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга даярбыз жана ар бир жаранды маймыл чечегине олуттуу мамиле кылууга чакырабыз».

Буга чейин маймыл чечегинин жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал Нью-Йорк, Калифорния жана Иллинойс штаттарында киргизилген.

АКШ маймыл чечегин жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө оорунун 6,6 миң учуру катталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму (ДССУ) маймыл чечегинин жайылышын саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты