АКШда чакан учак кампаны сүзүп, өрт чыкты

  • 2 года мурун

АКШнын Калифорния штатында чакан учак Фуллертон муниципалдык аэропортунун жанындагы коммерциялык кампаны сүзүп, өрт чыккан. Кырсыкта эки адам каза болуп, 18 адам ар кандай жаракат алган.

Фуллертон полиция департаментинин маалыматы боюнча, кырсык Реймер проспектисинин 2300 кварталында бейшемби күнү саат 14:09да болгон. Аталган имараттан 100дөн ашык адамды эвакуациялоого жана жарадарларды дарылоо үчүн жакын жерде атайын борбор ачылган.

Окуянын кесепетинен он адам ооруканага жеткирилип, сегиз кишиге окуя болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты