АКШ санкция салган кыргызстандык компания жабылуу тууралуу арыз берди

  • 5 месяцев мурун

АКШнын экономикалык санкциялык тизмесине кошулган Кыргызстандагы “ГТМЕ Технологии” компаниясы 2023-жылдын ноябрь айында жабылуу тууралуу арыз бергени белгилүү болду. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ишкананы жабуу боюнча чечим эки айдын ичинде кабыл алынат. Ага чейин компаниянын каржылык иштери каралып чыгат. Бирок “ГТМЕ Технологиинин” өкүлдөрү министрликке кайра келе элек.

2023-жылдын июль айында АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилген.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, — деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Ал эми ушул жылдын 23-февралында АКШ Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасын киргизди. 500дөн ашык жеке жана юридикалык жактарды камтыган санкциялык тизмеге кыргызстандык «Укон» ЖЧКсы (UCON COMPANY) дагы кирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты