АКШ президенти Джо Байденге импичмент жарыялоо талабы көтөрүлгөнү чындык. Анткени ал адам жок жерге кол сунуп алган (Фактчекинг)

15-апрель күнү Nazarnews сайтында “АКШда Байденге импичмент жарыялоо талабы көтөрүлдү” деген маалымат жарыяланган. Анда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Республикалык партиясынан бир катар мүчөлөрү президент Джо Байдендин ийгиликсиз миграция саясаты үчүн ага импичмент жарыялоону талап кылышканы айтылат.

АКШ президенти Джо Байденге импичмент  жарыялоо талабы көтөрүлгөнү чындык. Анткени ал адам жок жерге кол сунуп алган  (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Джо Байденге жарыяланган импичменттер 

АКШнын президенти Джо Байденге буга чейин официалдуу түрдө 2021-жылы импичмент жарыяланган. Анда Джо Байденге  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка жогорку кылмыштар жана жоруктар үчүн импичмент жарыяланган. 

АКШ президенти Джо Байденге импичмент  жарыялоо талабы көтөрүлгөнү чындык. Анткени ал адам жок жерге кол сунуп алган  (Фактчекинг)

Импичменттин автору катары Джорджия штатынын конгрессвумени Марджори Грин Тейлор экени белгиленген. Ал өз билдирүүсүндө Джо Байден уулуна мамлекеттин саясатына таасир бергени жана мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келгени белгиленген.

“Джозеф Робинетт Байден вице-президенттик кызматтын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, паракорчулук жана башка кылмыштарды жана жоруктарды жасап, уулуна чет мамлекеттин ички саясатына таасир этүүгө жана айрым кызматтардын ордуна чет өлкөлүк жарандардан ар кандай жеңилдиктерди, анын ичинде финансылык компенсацияларды алууга мүмкүндүк берген. Президент катары Джозеф Байден Обаманын администрациясынын Украинадагы антикоррупциялык аракеттерди көзөмөлдөгөн жогорку даражалуу кызматкери болгон. Ошондуктан, уулу Хантер Байден Украинанын ичинде же ага каршы жүргүзгөн бардык мыйзамсыз коррупцияга байланыштуу иш-аракеттерге ортомчу болгон.”, — деп айтылган. 

Бирок бул айыптоолор толугу менен далилденбегендиктен импичмент максатына жеткен эмес.

Кийинчерээк Республикачылар да Джо Байдендин Мексика менен болгон чек арасында жана миграция менен болгон саясаты “Американын улуттук кызыкчылыгын коркунучка кептеди” деген негиз менен импичмент жарыялоону сунушташкан. Бирок бул официалдуу түрдө жарыяланган эмес.

АКШнын президенти Джо Байденге импичмент жарыялоо талабы 15-апрель күнү кайрадан көтөрүлдү. Ага Джо Байдендин түз эфир учурундагы кайрылуусунан кийин аркасын карап эч ким жок жерге кол сунуп алганы себеп болгон. 

АКШ президенти Джо Байденге импичмент  жарыялоо талабы көтөрүлгөнү чындык. Анткени ал адам жок жерге кол сунуп алган  (Фактчекинг)

Байдендин бул жаңылуусунан кийин буга чейин да импичмент жарыялаган конгрессвумен Марджори Тейлор Грин  Twitter баракчасы аркылуу кайра импичмент жарыялоону сунуштаган. 

АКШ президенти Джо Байденге импичмент  жарыялоо талабы көтөрүлгөнү чындык. Анткени ал адам жок жерге кол сунуп алган  (Фактчекинг)

Ал, “Биздин @POTUS артына бурулуп, ал жерде турган эч ким менен кол алышууга аракет кылды. Бул укмуштуудай уят жана АЛ БИЗДИН ӨЛКӨБҮЗДҮ БАШКАРАТ!

Жетишет!”, — деп айткан. 

Белгилей кетсек, бир өлкөнүн президенти мыйзамды одоно бузган жетекчилерди сот жообуна тартуу “импичмент” процесси болуп саналат. АКШ бул процесси практикада көп колдонгон мамлекеттердин бири. 

Жыйынтык: Джо Байденге импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөнү чындык. Бирок ал Байдендин миграциялык саясатына эмес, адам жок жерге кол сунуп алганына байланыштуу болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты