АКШ кыргызстандын Grinex компаниясына чектөө киргизди
- 10 месяцев мурун

АКШ кыргызстандык Grinex крипто-биржасына каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин расмий сайтында маалымдалды.
АКШ департаменти Grinex буга чейин жабылган орусиялык криптобиржа Garantexтин мураскери деп эсептейт. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Garantex киберкриминалдык топторго түздөн-түз жардам берген жана 2019-жылдан бери 100 миллион доллардан ашык суммадагы мыйзамсыз транзакцияларды иштеткен. Биржа 2022-жылдын апрелинде санкциялардын тизмесине киргизилген.
Каржы министрлиги Grinexти Garantexтин кызматкерлери чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн түзүшкөн деп ырастоодо. 2019-жылы Эстонияда негизделген Garantex Москвада жана Санкт-Петербургда иштеп, Conti, LockBit жана Ryuk сыяктуу даркнет — базарлары жана ransomware операторлору менен кызматташкан.
2022-жылдын февраль айында өлкөнүн каржылык чалгын кызматы кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү системасында олуттуу мыйзам бузууларды тапкандан кийин, Garantex эстон лицензиясынан ажыраган. Андан тышкары, биржанын кылмыштуу максатта колдонулган крипто капчыктар менен да байланышы болгону аныкталган.
2025-жылдын мартында АКШ жана Европа Биримдигинин укук коргоо органдары Garantex доменин жаап, 26 миллион долларлык активдерди тоңдурган. Андан кийин, кардарлар жана каражаттар Grinex деген жаңы платформага которулган. Каржы министрлигинин билдирүүсүндө Grinexтин түзүлүшү санкциялардан качуу схемасынын бир бөлүгү экени айтылат.
Биржадан тышкары Garantexтин үч жетекчиси санкцияга кабылган. Алар — биржанын тең негиздөөчүсү Сергей Менделеев, коммерциялык директору Александр Мира Серда жана аймактык директору Павел Каравацкий. Тизмеде ошондой эле Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, биржанын зыяндуу кибер аракеттерге катышуусун колдогон Орусия менен Кыргызстандын алты компаниясы бар. InDeFi Bank жана Exved крипто долбоорлору да Американын санкцияларына туш болгон.




