АКШ кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды

  • 5 месяцев мурун

23-февралда АКШ Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасын киргизди. 500дөн ашык жеке жана юридикалык жактарды камтыган санкциялык тизмеге кыргызстандык «Укон» ЖЧКсы (UCON COMPANY) дагы кирген.

Бул компанияга карата экинчи даражадагы чектөөлөр «Орусиянын аскердик-өнөр жай базасын колдоого багытталган экономика тармагындагы ишмердиги» үчүн киргизилгени айтылат.

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка ылайык, «Укон» чет өлкөлүк катышуучу бар компания. Ал 2022-жылы августта каттоодон өткөн. ЖЧК адистештирилбеген дүң соода менен алектенери көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты