АКШ элчилиги виза алуу убактысын кыскарта турганын билдирди

  • 2 года мурун

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу убактысын кыскартууга бардык күч-аракетин жумшап жатканын билдирди.

Элчиликтин соцтармактагы баракчаларында жарыяланган билдирүүдө бул аракеттер эки өлкө ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн жасалып жатканы айтылат.

«Ошол эле учурда биз ачык болуп, Кыргызстандын бардык жарандарына виза алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого аракет кылып жатабыз. Ошондуктан, 12-сентябрда ноябрга жана кийинки айларга визалык интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты