АКШ Алексей Навальныйдын тагдырына «терең тынчсыздануусун» билдирди

  • 7 месяцев мурун

АКШ дээрлик 20 күндөн бери дайыны чыкпай жаткан камактагы орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын тагдырына «терең тынчсызданууда».

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «Х» социалдык түйүнүнө жазды.

«Биз дагы бир ирет аны токтоосуз бошотууга жана Орусияда көз карандысыз добуштарга каршы уланып жаткан куугунтуктоону токтотууга чакырабыз» деди Блинкен

Навальныйдын тарапташтарынын айтымында, саясатчы менен байланыш 20 күндөн бери жок. Ал кайда экени белгисиз болууда.

АКШ Алексей Навальныйдын тагдырына "терең тынчсыздануусун" билдирди

Саясатчы 19 жылдык жаза мөөңөтүн өтөп жаткан Владимир облустук түрмөсү Навальный ал жакта эместигин билдирген, бирок кайсы жакта экени боюнча маалымат берген эмес. Азырынча мындан башка эч кандай расмий кабар жок.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын 12-декабрдагы маалыматында Навальный Владимир облусунан башка аймактагы абакка жөнөтүлгөнү гана айтылган.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурат. Быйыл августта ал «экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо» деген айып менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары тааныган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты