“Ак-Жол” командасы республикалык сынакта 1-орунду ээледи
- 1 год мурун
Бишкек шаарында өткөн Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн республикалык кароо-сынагында Чүй облусунун “Ак-Жол” командасы жеңүүчү болду.
Сынакка Кыргызстандын шаар жана облустарынан келген мектеп окуучуларынан түзүлгөн 9 команда — “Жоламан”, “Светофор”, “Жол чырак”, “Шумкар”, “Жезл”, “Перекресток” жана башкалар катышты.
Иш-чараны ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы уюштуруп, башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков ачты. Ал бул сынак өспүрүмдөр арасында жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүдө жана кырсыктардын алдын алууда маанилүү экенин белгиледи.
Муну бөлүшүү




