Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын башчысы кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Нарын облусунун Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгынын жетекчиси К.Б.К.ны кызматтык унааны мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кармады. Ал учурда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында.

Тергөөдө аныкталгандай, К.Б.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2004-жылкы “Honda CRV” үлгүсүндөгү кызматтык унааны өзү менчиктештирүү максатында райондук бөлүмдүн күзөтчүсү С.Б.нин атына каттаткан. Ал үчүн профсоюздун жалган протоколун уюштуруп, алдын ала макулдашылган баа берүүчү компания аркылуу унааны 150 миң сомго баалаткан. Бирок автоунааны өзү пайдаланып жүргөн.

Мындан тышкары, унаа эсептен чыгарылгыча, анын оңдоо жана тетиктерин алмаштыруу иштери Финансы министрлигинин бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Учурда К.Б.К.га тиешелүү башка мыйзамсыз аракеттер жана бул ишке аралашкан башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты