Ак-Сууда чабанды өлтүрүүгө шектелип кашардын ээси кармалды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чабандын өлүмүнө шектелип ал иштеген кашардын ээси кармалды. Юул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

6-июлда облустук бириккен ооруканага Ак-Суу районунун Лесное айылынын 51 жаштагы тургуну М.М. өзүнүн 46 жаштагы айылдашы Э.К.нын жансыз денесин алып келген. Ал дарыгерлерге маркум сууга чөгүп, каза болгонун айткан.

Милиция аталган факты боюнча тергөө жүргүзгөн учурда маркумдун жаракаттары шектенүүлөрдү жаратып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркумду ооруканага алып келген айылдашы М.М. Ак-Суу райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген. Ал ээлик кылган кашарды тинтүү учурунда кандын издери бар сынган таяк менен малчынын төшөнчүсү табылган.

Тергөө учурунда кашардын ээси пикир келишпестиктен улам малчысын таяк менен башка бир нече жолу урганын, абалы оорлошуп кеткенде ооруканага алып барганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.

Кылмышка шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты