Ак-Суу районунда Жыргалан тоосуна мал караганы чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

  • 2 года мурун

Ак-Суу районунда Жыргалан тоосуна мал караганы чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 11-август күнү саат 23:00дө Шахты Жыргалан айылынын тургуну 2004-жылы туулган К. кызы А. аттуу кыз  үйүнөн Жыргалан тоосуна мал караганы чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тартылып, саат 06:10до туугандары тарабынан аман-эсен табылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты