Ак-Суу районунда каналдан суу ашып 4 турак үйдүн короосун каптады

  • 2 года мурун

Ак-Суу районунда каналдан суу ашып 4 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Челпек а/а Бурма-Суу айылында каналдан суу ашып 4 турак үйдүн короосун каптап, 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирген.

Куткаруучулар 4 турак үйдүн жер төлөөсүндөгү сууну сордуруп тазалап беришти. Тартылган техника каналдын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзгөн. 4 турак үйдүн короосундагы суулар жерге сиңип кетти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты