Ак-Кула ипподромунун аймагында чагылган түшүп, бир адам каза болду

  • 4 месяца мурун

12-июнда Ак-Кула ипподромунун аймагында чагылган түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факт Ленин РИИБнин МКЖ катталып, тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана күбөлөрдү суракка алуу менен тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Бүгүнкү күндө ипподромдун аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип кеткен, бирок айрым ат сарайларды жеке адамдар пайдаланып жатышат.

Муниципалитет тарабынан ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан, жеке адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты