“Ак кула” ат майданынын аукциону үчүнчү ирет өткөрүлөт  

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында 2024-жылдын 11-июлунда “Ак кула” ат майданынын мүлк комплексин сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти “Ак кула” ипподромунун мүлк комплекси буга чейин электрондук аукционго коюлганын эскертет.

Мүлк комплекси 46 лотко бөлүнгөн. 37 лоттук аукцион 11-июлда өткөрүлөт.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Көз карандысыз экспертиза тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Аукциондун жыйынтыгында жер участогу менчикке өткөрүлүп берилет.

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Бишкек мэриясынын алдында мүлк комплексинин аймагында мектепер, бала бакча, инженердик курулуш, жол жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.
Биринчи аукцион 2024-жылдын 16-май өтүшү керек болчу, арыздын жоктугуна байланыштуу өткөн эмес.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Ак-Кула» мүлк комплексин экинчи жолу аукционго коюп, анда да арыз түшкөн эмес.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты