«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды
- 2 года мурун
«Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгына тасмаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Сынакка 2020-2021-жылдары тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Анда сыйлыктар жалпысынан 18 номинацияда ыйгарылат.
Табыштамаларды кабыл алуу 30-августта аяктап, сыйлык тапшыруу аземи 30-сентябрда Бишкекте өтөт.
«Ак илбирс» сыйлыгы кино чөйрөсүндөгү, өзгөчө жаш кино жаратмандарга дем-күч берүү максатында 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген.
Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, «Айтыш» коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүп келет.
Муну бөлүшүү