Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда

  • 2 месяца мурун

Ош шаарында жергиликтүү бийлик Ак-Буура дарыясынын жээгинде уруксаты жок курулган курулуштарды буза баштады. Бул тууралуу «Kloop» медиасы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Ош шаардык прокуратурасы дарыянын сууну коргоочу зонасында уруксатсыз курулган адам өтүүчү көпүрөлөр менен соода түйүндөрүн аныктаган. Аталган факт боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгы айтылды. 

Эскерте кетсек, 14-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, ага жакын жайгашкан объекттерди, анын ичинде борбордук базарды каптап кеткен эле. Селдин кесепетинен 5 адам каза болгон.

Сүрөт: Kloop

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты