Ак-Буура дарыясына түшүп кетти деген беш жашар баланы издөө иши токтотулду
- 1 неделя мурун
Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы баланы издөө иштери Өзбекстандын чек арасына чейин улантылып, натыйжа болбогондугуна байланыштуу токтотулду.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Кечээ, 10-ноябрь күнү жана бүгүн ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматы, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан жалпы 50дөн 71 адамга чейин киши издөө иштерин жүргүздү.
2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала 9-ноябрь күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу жана издөө ишине көмөктөшүү боюнча кат Ош шаардык ШИИБи тарабынан 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү