Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке кошумча имарат курулду

Бишкек шаарынын Ак-Бата жаңы конушунда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №43 орто мектептин кошумча имаратынын ачылыш аземи өттү.

Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук акимчилигинен билдиришти.

Кошумча имаратта спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана каралган. Имарат бир кабаттуу, жалпы аянты 651,71 чарчы метрди түзөт. Подряддык уюм — «Сапат пром».

Кошумча курулуш республикалык бюджеттин эсебинен курулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты