Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөдөн көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган адам кармалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы автокырсыктан каза тапкан ИИМ Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантылууда.

Тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран негизги айыпталуучунун автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу маанилүү маалыматтарды берген. Кийин айыпталуучунун Р.у.Д. аттуу таанышы күбөнү социалдык тармактар аркылуу коркутуп, берген көрсөтмөсүнөн баш тартууну талап кылган.

Р.у.Д. 19-майда күбөгө кысым көрсөтүү фактысы боюнча каралып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д «вебкам студияларынын» уюштуруучусу экендиги аныкталган.

«Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылып, алынды«, — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча активдүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты