Айыптоочу Көлбаевдин апасын 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

  • 1 месяц мурун

Айыптоосу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) апасы Мая Алиеваны жана бул иш боюнча Нурия Тентешованы кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан эркинен ажыратууну сурады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Мая Алиеванын адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди. Анын айтымында, 2-августтагы соттук жарыш сөз башталган. Мамлекеттик айыптоочу шектүүлөрдү күнөөлүү деп таап, 10 жылдан жаза берүүнү сураган.

Кийинки соттук отурум 8-августка белгиленди.

Нурия Тентешова ким жана кайда экени, анын Камчы Көлбаев менен кандай байланышы бар экени, наамына канча мүлк катталганы белгисиз. Сот ал жок эле өтүп жатат.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен козголгон иш жана Мая Алиевага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү уланууда.

Сот отурумдарынын бири анын үйүндө өтүп, видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда айыпталуучу төшөктө жатканын, анын тегерегинде судья, прокурор жана адвокат отурганын көрүүгө болот.

Мая Алиеванын үйүндө уланган отурумдун видеосун анын адвокаты Бактыбек Жумашев жарыялаган.

Камчы Көлбаевдин апасы “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталып, бул иш шаардагы Октябрь райондук сотуна 2024-жылы 17-апрелде түшкөн.

Ошондон бери анын наамындагы 13 мүлк боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Ишти караган судья Тилектеш Бегалиев 22-июлда көчмө отурум өткөрүү чечимин кабыл алып, айыпталуучунун үйүндөгү процесске бардык тараптар катышкан.

Көлбаевдин апасынын үйүндөгү отурум социалдык тармактарда талкуу жаратты. Бишкек шаардык соту айыпталуучу жараянды атайын создуктуруп жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

“Үч айдан бери сотко айыпталуучуларды алып келүү үчүн болгон аракеттер көрүлдү. Бирок айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сот процессин жасалма жолдор менен чойгонго аракет кылып жатат. Бир эле жолу, 22-июлда сот процесси айыпталуучунун үйүндө өттү. Андан кийинки отурумдар соттун имаратында болду. Келерки процесс 29-июлда, сот жараяны ачык” деп айтылат шаардык соттун маалыматында.

Мунун алдында Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев бийликке кайрылуу жолдогон. Мая Алиева 29-июлдагы отурумга келген жок. Анын адвокаты Бактыбек Жумашев айыпталуучу эки жолу инсульт алгандыктан, отурумдарга келе албай турганын, келсе да анын мазмунун түшүнбөй калышы мүмкүн экенин айтты. Ушундан улам сотко медициналык, психиатриялык экспертиза дайындоо өтүнүчүн келтирди.

Мая Алиеванын адвокаттары сотко анын 2014-жылы инсульт алганы туурасында гана аныктаманы алып келип, соңку жылдардагы саламаттыгы боюнча документтерди көрсөткөн эмес. Прокурор андан бери Мая Алиева ар кандай иш-чараларга, тойлорго катышып жүргөнүн айтып, экспертиза дайындоого негиз жоктугун билдирди.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлктөрүн коомчулукка жарыялады.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты