Айыл өкмөттөрү жарандарга паспорт бере баштайт

  • 2 года мурун

Айыл өкмөттөрү жарандарга маалымкат жана паспорт бере баштайт. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө ыйгарым укуктар берилди.

«Бул жарандарга транспортко кошумча убакыт жана акча коротпостон каттоо кызматтарын алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан ары айыл тургундарына каттоодон өтүү үчүн райондун борборуна баруунун кажети жок. Биринчи этапта райборбордон 35 километрден алыс жайгашкан 156 айыл өкмөтү каттоо иштерин баштайт», — деди Залкар Карыбеков.

Мындан тышкары ал Баткендин 26 айыл өкмөтү облустун атайын макамына ылайык жана райборбордон алыс экенине байланыштуу каттоо кызматын көрсөтө баштарын билдирди.

«Бул демилге паспорт бөлүмдөрүнүн жана калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин жүгүн бир топ жеңилдетет. Калктын кезек күтүүсүн дагы азайтат», — деди Карыбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты