Айыл чарбасын каржылоо боюнча дээрлик  4 млрд 300 млн сом насыя берилди

  • 2 года мурун

Айыл чарба министирлиги “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 22-августка карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди. Бул тууралуу министирликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министирликтин маалыматына ылайык, аталган долбоордун алкагында 3 категория боюнча жалпы 4 миллиард  295 миллион  914 миң сомго 7 миң 862 насыя берилген.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча  1 миллиард 126 миллион 92 миң сом,  мал чарбачылык категориясы боюнча 2 миллиард 367 миллион 11 миң сом  жана  айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча 802 миллион  811 миң сом берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты