«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору алкагында 6 миң 746 насыя берилди

  • 2 года мурун

«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 миллиард 396,5 миллион сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 5 миң 557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 миллиард 155,1 миллион сомго, ал эми 241,4 миллион сомдук 1 миң 189 насыя күрөөсүз берилген.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүу багытында күрөө коюлган шартта 868,8 млн сом суммасында 1840 насыя, 128,7 миллион сомго күрөөсүз 640 насыя берилди.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 миллиард 881,6 миллион сомдук 3572, күрөөсүз 112,6 миллион сомго 549 насыя берилген.

Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404,6 миллион сом суммасында 145 насыя таратылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты