Айыл чарба министрлиги: «Кыргызстан Казакстан алдындагы суу боюнча милдеттенмелерин аткарды»

  • 11 месяцев мурун

Киров суу сактагычынын долбоордук көлөмү 550 миллион куб метр. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Киров суу сактагычынан 11-апрелде суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 миллион куб метр, суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген.

«Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарды.

22-августка карата абал боюнча Киров суу сактагычынын көлөмү 14,5 миллион куб метрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 92,1 миллион куб метрге аз, бүгүнкү күндө суунун келиши 0,7 куб метр/секунд, суу көбөйгөн жок. 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 куб метрди түздү», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты