Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу кармалды

  • 2 недели мурун

30-августта Маркум Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча анын жолдошу Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренесинин негизинде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 48 саатка камакка алынды.

Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Канат Хасанов Фейсбук баракчасында айтты. Ал эми жакындары «Азаттыкка» бул маалыматты ырастап беришкен.

Канат Хасановдун айтымында, Маматкулованын жолдошуна карата козголуп жаткан 128-берененин (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) 1-бөлүмүндө каралган кылмыш иши оор кылмыштарга кирет. Анда алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Социалдык тармактарда Айтургандын видео тасмалары жарыяланып, анда ал буга чейин кандай зомбулук көргөнү тууралуу айтылган.  

Маркумдун жакындары ал дары ичип алып, өз жанын кыюуга барды дегенге ишенбей тургандарын, ал күйөөсүнүн зомбулугунан каза тапкан деп айтып чыгышкан.     

Сүрөт: интернет булактары. Сүрөттө Айтурган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты