“Айсулуу Тыныбекованын атынан “салам (алло) деген 300 адамга 5000 доллар берилет” деген маалымат тарады. Текшеребиз

Фейсбукта “ꓮꓲꓢꓲꓡꓴ ꓔꓬꓵꓬꓐꓰꓗꓳꓦꓮ” деп аталган баракча спортчу Айсулуу Тыныбекованын видеосун жарыялап, анын атынан “Салам (Алло) деген 300 адамга 5000 доллар берем, туура, азыртан баштап” деген билдирүү жазган. Бул билдирүү бир канча тайпаларга бөлүшүлгөн.

“Айсулуу Тыныбекованын атынан “салам (алло) деген 300 адамга 5000 доллар берилет” деген маалымат тарады. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул билдирүүнү текшерип көрдү.

“ꓮꓲꓢꓲꓡꓴ ꓔꓬꓵꓬꓐꓰꓗꓳꓦꓮ” деп аталган баракча тууралуу

Бул баракчанын 441 катталуучусу. Айсулуу Тыныбекованын бир сүрөтү жарыяланган. Ошону менен катар эле Тыныбекованын видеосу менен “Салам (Алло) деген 300 адамга 5000 доллар берем, туура, азыртан баштап” деген бир гана билдирүүнү көрүүгө болот. Анда спортчу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктаган. Бул билдирүү быйыл 31-октябрда жарыяланган. Буга 5 миңден ашык адам комментарий жазган. Комментарийлердин көпчүлүгү  “Салам дагы да ийгилик каалайм, азаматсын”, “Салам Алло Айсулуу Сизге ийгилик”, “Алоо Айсулуу салам ден соолукта болуп бактылуу бол” деп жазылган. Ар бир жазылган комментарийге аталган баракча “Билдирүүлөрүңүздү азыр текшериңиз.

Белек күтөт” деп жооп берген.

Айсулуу Тыныбекованын бул видеосу 3 жыл мурун тартылган

Айсулуу Тыныбекованын Инстаграмда верификациядан өткөн аккаунтун карасак, бул видео 2020-жылы 7-ноябрда жарыяланган. 

“Айсулуу Тыныбекованын атынан “салам (алло) деген 300 адамга 5000 доллар берилет” деген маалымат тарады. Текшеребиз

Анын бул аккаунтунда “Салам (Алло) деген 300 адамга 5000 доллар берем, туура, азыртан баштап” дегендей билдирүү жок. 

“Айсулуу Тыныбекованын атынан “салам (алло) деген 300 адамга 5000 доллар берилет” деген маалымат тарады. Текшеребиз

Айсулуу Тыныбекованын Фейсбуктагы баракчасында дагы мындай билдирүү жок. Анын акыркы посту 27-сентябрда жарыяланган.

“Айсулуу Тыныбекованын атынан “салам (алло) деген 300 адамга 5000 доллар берилет” деген маалымат тарады. Текшеребиз

Жыйынтык: Фейсбуктагы “ꓮꓲꓢꓲꓡꓴ ꓔꓬꓵꓬꓐꓰꓗꓳꓦꓮ” деп аталган баракча — фейк. Ал жарыялап жаткан билдирүүлөрдүн спортчу Айсулуу Тыныбековага тиешеси жок. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты