Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын медаль жеңип алды

  • 1 год мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Будапештте өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты.

Тыныбекова катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармашта болгариялык спортчу Биляна Дудова менен кез келип, аны 2:1 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты