Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында алтын медаль жеңди

  • 2 года мурун

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спортчу 62 килограмм салмак даражада беттешет. Алгачкы беттешин 1/4 финалдан баштап, жалпы 3 жеңишке жетти. Биринчи беттешинде Казакстандык балбанды 12:2 эсебинде, жарым финалда Сегегалдык балбанды 10:0 эсебинде жеңип финалга чыккан. Финалдык беттеште Гвинеялык балбанды жеңип мелдештин чемпиону болду. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы өткөн Ислам оюндарында да чемпион болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты