Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы рейтингдик мелдеште алтын утту

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open биринчи рейтингдик турниринде алтын медаль утту. 62 кг чейинки салмак ченинде ал финалда АКШлык балбан Кайла Киеко Миракл менен кез келип, аны 7:0 эсебинде утуп алды.

Тыныбекова мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, алгач АКШлык дагы бир балбан менен, андан соң кытайлык, орусиялык, жапонспортчулар менен күч сынашкан.

Айсулуу Тыныбекова былтыр 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты