Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту

  • 1 год мурун
Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өттү.

Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы кытайлык Сяоцзюнь Луону 3:2 эсебинде артта калтырып, турнирдин алтын медалына татыды.

Эскерте кетсек, ушул эле жылдын 3-февралында Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова дал ушул кытайлык Сяоцзюнь Луого жеңилип, мелдешттен четтеп калган.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло уткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты