Айрым депутаттар орусиялыктарга «качкын» макамын берүүгө каршы экенин билдиришти
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 25-октябрдагы жыйынында «Жарандык актылар тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралып жатканда Орусиядагы мобилизациядан качып, Кыргызстанга келген орусиялык жарандарга «качкын» макамын берүүгө каршы экенин билдиришти. Алардын пикиринде, бул кыргыз-орус мамлекеттер аралык мамилесине доо кетирет.
Депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорунун чийки экенин сындады:
«Мындай мыйзам жакын союздашыбыз менен мамилеге жик салат. Эгер эртең Орусия өзүнүн жарандарын сураса эмне дейсиңер? «Качкын» макамын берип койгонбуз дейсиңерби? Долбоорду жакшылап иштеп, анан алып келгиле», — деди депутат авторлорго.
Депутат Исхак Масалиев да кесиптешин колдоду. Ал Орусия менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү багыттарда макулдашуулар бар экенин белгиледи:
«Бизге мындай мыйзамдын кереги жок. Орусиядан келгендер качкындар эмес, алар биздин боордош өлкөнүн жарандары», — деди.
Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров New York Times гезитине курган маегинде, мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болорун айткан. Ал Кыргызстан үчүн бул «жаңы көрүнүш» экенин, Орусиянын жарандары «бул жакка келип, ээн-эркин иштей ала турганын» билдирген.
Быйыл 24-февралда Орусия Украинага «атайын операция» деген негиз менен кол салган. 21-сентябрда жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялаган. Бул аскерге жарамдуу орусиялык жарандардын башка өлкөлөргө жапырт агылышына алып келди.
Мобилизациядан улам Кыргызстанга оогон орусиялыктар тууралуу так маалымат жок. Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл сегиз айда 190 миңден ашык орус жараны Кыргызстанга келип каттоого турса, сентябрь айында эле 20 миң орусиялык каттоого турган.