Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту.

Депутат Айбек Осмонов ага шайлоочулары телефон чалып, «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы пикирлерин билдиргенин айтты. «Ош шаарындагы шайлоочулар мага телефон чалышты. Аталган шаарга «Азаттыктын» өкүлчүлүгү ачылып жатыптыр. Алар буга каршы экен. Анткени 2010-жылы Ош окуясында «Азаттык» адилетсиздик кылып, бир багытта маалымат берген. Элдин пикири менен эсептешип коёлу», — дейт Осмонов.

Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68095
Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68095 (preview)

Депутат Надира Нарматова дагы Айбек Осмоновдун пикирин колдоду. «Мага дагы шайлоочулар телефон чалышты. «Азаттык» Кыргызстанга тескери жактарын көрсөтүп келе жаткандарын көрүп келебиз. Элдин кыжырын кайнатпай, коопсуздукка шек келтирбей, ушул жердеги кеңсесин жаап койсок ашыктык кылбайт. Жогорку Кеңештин төрагасы катары ушул маселеге чекит коюуну суранам», — деп Нарматова Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылды.

Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68093
Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68093 (preview)

Депутат Шайлообек Атазов жогорудагы эл өкүлдөрүнүн сөзүнө кошулду. «Ошко «Азаттыктын» филиалын ачууга эл каршы болуп жатат. 2010-жылкы улуттар аралык кагылуушуну ушундай уюмдар, «Азаттыкка» окшогон сайттар күчөтүп жиберген», — деди Шайлообек Атазов.

Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68094
Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68094 (preview)

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева келечекте бардык медиалардын башкы кеңсесин түштүк аймактарга көчүрсө деле жарашмак деген пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. «Кыргызстан калкынын жарымынан көбү Ош, Жалал-Абад, Баткенде жашайт. Социалдык-экономикалык маселелер, чек ара, суу, жер талаш, миграция, экстремизм, жумушсуздук, билим берүү, саламаттык тармагындагы жана башка көйгөйлөрдү, өлкөнүн экинчи борборунун жашоо-турмушун, туризмди өнүктүрө турган тарыхый жана башка маанилүү маданий жайлар, мээнеткеч, иштерман жердештердин ой-санаасын жакшыраак чагылдыралы деген максатта Оштогу кабарчылардын санын бир аз көбөйтөлү дегенбиз. Ал планды башкача бурмалап ийишти окшойт, ынтымакта бололу. Керек болсо келечекте баардык медиалардын башкы офисин Ош, Жалал-Абад, Баткенге көчүрсө деле жарашмак», — деп жазды Жуматаева.

Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68348
Айрым депутаттар «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүн ачууга каршы болушту #68348 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты