Айрым аймактарда өткүн өтөт. 25-июлдун аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 25-июлга караган түнү Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүшү мүмкүн, ал эми Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз айрым аймактарда 15–20 метрге чейин күчөйт.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты