Айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 6 месяцев мурун
Бүгүн, 27-декабрда саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу өчүрүү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болот. Турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суунун берилиши токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
Арча-Бешик конушунун түштүк бөлүгү, Селекция району:
- Семетей көчөсү
- Д. Садырбаев көчөсү
- Жайыл Баатыр көчөсү
- Селекционная көчөсү
- Арча-Бешик көчөсү
- Күйүков көчөсү
- Эр-Тайлак көчөсү
- Кең-Суу көчөсү
- Чатыр-Көл көчөсү
- Кара-Кужур көчөсү
- Ак-Тан көчөсү
- Ак-Туз көчөсү
- Валдайская көчөсү
- Жал айылынын трассасы
«Бишкексууканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Муну бөлүшүү




