Айпери Медет кызы эки жолку Азия чемпиону болду

  • 3 месяца мурун

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандык балбан кыз 76 кг чейинки салмакта чейрек финалда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди.

Жарым финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчу Юнуян Хуангды 10:7 эсебинде жеңип Азиянын эки жолку чемпиону аталды.

Айпери 2022-жылы Улан-Батор шаарында (Монголия) өткөн Азия чемпионатында да алтын медалга татыган. Мындан сырткары, ал Азия чемпионатынын күмүш медалын үч жолу жеңип алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

 

 

 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты