Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты

  • 1 год мурун
Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күч сынайт. Ал 11-апрелде 1/4 финалда беттешип баштаган. Алгач 43 секунд ичинде туше менен кореялык балбанды утту. Жарым финалда Япониянын спортчусун жеңип чыкты. Эми финалда казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттешет.

Казакстандын борбору Астана шаарында Азия чемпионаты өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты