«Аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт». Президенттин басма сөз катчысы Алтынбек Сулаймановго жооп кайтарды

  • 2 года мурун
«Аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт». Президенттин басма сөз катчысы Алтынбек Сулаймановго жооп кайтарды

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго жооп кайтарды.

«Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин Администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырганы боюнча билдирүү жасаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты