Айгүл Жапарова жарандарга акчалай жардам берип жатканы жөнүндөгү маалымат жалган (Фактчекинг)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Фейсбук социалдык тармагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын (Aigul Japarova) атынан ачылган баракчада кайрымдуулук максатында 100 адамга акчалай жардам берилип жатканы жөнүндө билдирүү жарыяланды.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан кечээ, 7-августта, жаңы баракча ачылган. Баракчанын 2600дөн ашык катталуучусу бар.
Баракчада азырынча бир гана билдирүү бар. Анда канайым “Кайрымдуулук кылып, 100 адамга акчалай жардам берип жатканы” жазылган. Билдирүүгө биринчи айымдын жана таңгакталган АКШ долларынын сүрөттөрү тиркелген.
Ал эми жардам алуу үчүн билдирүүдө көрсөтүлгөн шилтеме менен кирүү керек экени жазылган. Биз көрсөтүлгөн шилтеме менен киргенибизде https://getdonation-kazakh.blogspot.com/ аттуу сайт ачылып, 5000 доллар акчалай жардам алууга укук алганыбыз тууралуу билдирүү чыкты. Ал билдирүүгө дагы Жапарованын сүрөтү коюлган.
Билдирүүнүн ылдый жагында алар банк аркылуу которчу тарифти алуу үчүн көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу кирип, катталуу керек экени жазылган. “Катталуу үчүн басыңыз” деген баскычты басканыбызда ар түрдүү жарнамалык сайттар чыгып жатты.
Фейсбукта аталган билдирүүнүн алдында жардам сурап кайрылган жарандар дагы бар. Аларга баракчанын администратору жардам алуу үчүн бул билдирүүнү Фейсбуктагы 7-10 тайпага бөлүшүү керек экенин жазган.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында аталган баракчанын биринчи айымга эч кандай тиешеси жок экенин жазды.
“Фейк баракча. Андыктан бул баракчада жайгашкан маалыматтарга ишенбеңиздер”, — деди Султанбаев.
Биринчи айымдын кайрымдуулук иштери
Айгүл Жапарова “Үмүт булагы” коомдук фондунун жетекчиси катары белгилүү.
Фонд аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптар, карылар үйүнө жардам берип келет.
2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган маршруткалардын айдоочулары иш таштаган учурда «Үмүт булагы» фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган.
Жыйынтык: Фейсбукта Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан ачылган баракча — фейк. Андагы жарандарга акчалай жардам берилип жатканы жөнүндөгү маалымат жалган.