«Айгүл-Таш» коругу туристтер үчүн үч жылга жабылды

  • 1 год мурун

«Айгүл-Таш» жаратылыш коругу туристтер үчүн үч жылга жабылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматта мындай чечим Айгүл гүлүн сактоо жана санын көбөйтүү максатында кабыл алынганы айтылат.

Айгүл, же ай гүлү — чөп өсүмдүгү, илимий аталышы «Fritillaria eduardii Regel». Жоголуп бара жаткан түрлөргө таандык жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

«Айгүл-Таш» коругу туристтер үчүн үч жылга жабылды
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты