Айдоочуларга эскертүү: ашууларда жол тайгак болот

  • 5 месяцев мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, 24-25-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Тактап айтканда:

— Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;

— Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымынын Долон ашуусунда ;

— 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;

— Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде;

— Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертти.

Ошондой эле ӨКМ алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алууну, зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып турууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты