Айдоочуларга эскертүү: Асаналиев көчөсүндө кыймыл чектелет

  • 5 дней мурун

Бишкекте Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин темир жол өтмөгүндөгү тосмо жабдуулары алмаштырылат.

Оңдоо маалында жолдун бир тарабы кезек-кезеги менен жабылып, автоунаалардын өтүүсүнө жарым-жартылай чектөө коюлат. Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты