Айдоочулардын эсине: Боомдо кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүрөт

  • 1 год мурун

17-апрелден 21-апрелге чейин Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш түшүрүү иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында жана темир жолдун Боом капчыгайындагы 3886-чакырымында жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу 17-21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин жогоруда аталган аймакта жол жарым-жартылай жабылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты