Айдарбеков: «Бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбоору кайрымдуулук фонддорго дагы зыянын тийгизет»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарында «Сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары» аттуу жыйын өтүп жатат.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам долбоору жана Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, эгерде ушул мыйзамдар кабыл алынса жарандык коомго, мамлекетке чоң зыян алып келет.

«Жарандык коом менен биргеликте эки мыйзам долбоорун ийне-жибине чейин карап, талкуулап, тиешелүү органдарга жеткиребиз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деген оюм бар.

Бул мыйзам долбоорлору демократиялык принциптерге каршы келет. Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору кайрымдуулук жана гуманитардык уюмдарга дагы зыянын тийгизет. Социалдык кызматтарды көрсөткөн бейөкмөт уюмдарга дагы зыяны тиет. Бул категорияга башка өлкөлөрдөн каржыланган бардык кайрымдуулук фонддор кирет. Алардын жардамы менен мечиттер, мектептер, бала бакчалар курулган, экологиялык долбоорлор каралган. Бул мыйзам долбоору коомчулукту экиге бөлөт», — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты